Чавушоглу Рияд Хижаб менен жолугушту
Чавушоглу Катарда жолугушуу өткөрдү.
1743754
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Сириянын мурдагы премьер-министрлеринин бири Рияд Хижаб менен Сириядагы акыркы абалды сүйлөштү.
Түркия-Катар Жогорку стратегиялык комитетинин жетинчи жыйналышынын тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги даярдык жыйынынын алкагында Катардын борбор шаары Дохага барган Чавушоглу жолугушуу тууралуу Твиттерден бөлүштү.
Чавушоглу билдирүүсүндө: «Дохада Сириянын экс-премьер-министри Хижаб менен Сириядагы акыркы кырдаалды талкууладык»,- деди.