Чавушоглу менен Аль Тани маалымат жыйын өткөрүштү

Чавушоглу Түркия менен Катардын ортосунда коргоо, экономика, билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо сыяктуу тармактарда кызматташтыктын тереңдегенин баса белгиледи.

1743664
Чавушоглу менен Аль Тани маалымат жыйын өткөрүштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу ооган элинин гуманитардык жардамга муктаж экенин баса белгилеп: «Эл аралык коомчулук бул гуманитардык жардамдарды саясий себептерге карабастан ооган элине жеткириши зарыл. Катардын жана Түркиянын сезимталдыгы да бул жаатта үлгү болушу керек»,- деди.

Түркия-Катар Жогорку стратегиялык комитетинин жетинчи жыйынынын тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги даярдык жыйынынын алкагында Чавушоглу менен Катардын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри шейх Мухаммед бин Абдуррахман Аль Тани Катардын борбору Дохада биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Түркия менен Катардын ортосунда коргоо, экономика, билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо сыяктуу тармактарда кызматташтыктын тереңдегенин баса белгилеген Чавушоглу: «Биз ошондой эле досубуз жана бир тууганыбыз Катар менен аймактык маселелерде бирдей пикирдеги өлкөбүз. Ооганстандагы шарттарды абдан жакшы билебиз. Катарды башкаларга караганда жакшы билебиз. Биз Катардын өзгөчө Ооганстандагы тынчтык жана келишимге жетишүү үчүн канчалык аракет кылып жатканын жакшы билгендерденбиз»,- деди.

Учурдагы шарттарда ооган элинин олуттуу гуманитардык жардамга муктаж экенин баса белгилеген Чавушоглу:

«Эл аралык коомчулук бул гуманитардык жардамды саясий себептерге карабастан ооган элине жеткириши зарыл. Бул жагынан Катар менен Түркиянын сезимталдыгы да үлгү болушу керек. Бул тууралуу эки жумадан кийин Исламабадда өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) тышкы иштер министрлеринин жыйынында да талкуулайбыз»,-деди.

Катар менен Түркиянын Ооганстандагы кызматташтыгын баса белгилеген Чавушоглу, Түрк Кызылайы жана Катар Кызылайы аймактагы ооган калкына активдүү түрдө жардам жеткирип жатканын, кошумча гуманитардык жардам жеткирүү үчүн эки өлкөнүн башка мекемелери менен координациялуу иштеп жатканын белгиледи.

Аль Тани да Түркиянын көп түрдүүлүгү менен күчтүү экономикага ээ экенин жана түрк экономикасына ишенгендерин айтты.



Тектеш кабарлар