Түркияда машыктырылган сомалилик атайын күчтөр өлкөсүнө кайтты

Сомалинин атайын күчтөрү Ыспартадагы Түрк куралдуу күчтөрүнөн заманбап десанттык машыгуусунан өттү.

1743067
Түркияда машыктырылган сомалилик атайын күчтөр өлкөсүнө кайтты

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан машыктырылган 100дөн ашуун сомалилик атайын күчтөр өлкөсүнө кайтты.

Борбор калаа Могадишодогу Аден-Аде эл аралык аэропортуна конгон 100дөн ашуун "Горгор" (Бүркүт) аттуу атайын күчтөрдү Сомалинин Улуттук армиясынын (СУА) жөө аскерлеринин командири Мохамед Тахлил Бихи жана жогорку даражалуу өкмөт өкүлдөрү тосуп алышты.

Сомалинин атайын күчтөрү Ыспартадагы Түрк куралдуу күчтөрүнөн заманбап десанттык машыгуусунан өттү.

Сомалиге кайтып келген Горгорлор, Аль-Каиданын уландысы болгон террордук уюм Эш-Шабааб менен күрөшүү үчүн алдыңкы сапка чыгарылат.

Түркия 2010-жылдагы аскердик машыгуу боюнча кызматташуу келишиминин алкагында акыркы төрт жылдан бери сомалилик аскерлерди машыктырып келет.

Өлкөдө «Харкамад» жана «Горгор» тандалган бөлүктөрү Аль-Каида менен байланышы бар Аш-Шабаб террордук уюмуна каршы күрөшүп жатышат.

Аш-Шабаб Сомалидеги коопсуздук күчтөрүн жана жарандык конуштарды бутага алган кол салууларды тез-тез уюштурат.



Тектеш кабарлар