Түркия-Ливия багыты менен 25 жылдык мөөнөттөн кийин алгачкы кеме келди

Аптасына бир жолу каттай турган Түркия-Ливия багытында сапар убактысынын эки күн болоору белгиленди.

1743126
Түркия-Ливия багыты менен 25 жылдык мөөнөттөн кийин алгачкы кеме келди

Ливиянын Мисрата шаары менен Измирдин ортосунда алгачкы жүргүнчүлөрдү ташуу кызматы ишке ашырылды.

25 жылдан кийин кайра башталган саякаттын алкагында Мисратадан үч күн мурда жолго чыккан «Кевалай ханышасы» аттуу 500 керебеттүү, 700 жүргүнчү, 520 унаа сыйымдуулугу жана 2 миң тонна жүк көтөрө алган кеме бүгүн Измирге казыгын түшүрдү. Каранфил Групп менен Мисратадан Кевалай Туризм өнөктөштүгү жана Ливия темир-болот компаниясы (LISCO) ишке ашырган долбоордун алкагында 107 жүргүнчүсү бар кеме Измирде тосуп алынды.

Аптасына бир жолу каттай турган Түркия-Ливия багытында сапар убактысынын эки күн болоору белгиленди. Тышкы экономикалык байланыштар кеңешинин (DEIK) Түркия-Ливия Ишкерлер кеңешинин төрагасы, Түркия-Ливия ишкерлер коомунун төрагасы жана Каранфил тобунун башкаруу кеңешинин төрагасы Муртаза Каранфил, Ливиядан Измирге каттамдардын кыш мезгилине байланыштуу жумасына бир жолу боло турганын айтты.

Каранфил: «Жайында бул сапарлар балким көбөйөт. Бул кемелерде туризм жана соода болот. Ливиялык боордошторубуз каалаган убакта унааларына отуруп, Түркияга унаалары менен келип саякат кыла алышат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар