Террор менен күрөшүү тынымсыз уланууда...

Улуттук коргоо министрлиги Ирактын түндүгүндөгү жана Ички иштер министрлиги Маржан тоолорундагы Эрен Кыш-6 операциясы тууралуу маалымат беришти.

1743162
Террор менен күрөшүү тынымсыз уланууда...

Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга мүчө 3 террорист жок кылынды.

Улуттук Коргоо министрлигинен (MSB) жасалган билдирүүдө Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел Жолборс» операциясы аймагында кол салууга даярданганы аныкталган террористтерге карата операция жүргүзүлгөнү билдирилди.

Билдирүүдө,«Баатыр Түрк куралдуу күчтөрүбүз Ирактын түндүгүндөгү террор уюгун жок кылууну улантууда. «Чеңгел Жолборс» аймагында кол салууга даярданып жатканы аныкталган 3 ПКК террористи ок атуучу колдоо унаалары менен таасирсиз кылынды»,делди.

Эрен Кыш-6 операцияларынын алкагында жикчил террордук уюм ПККга мүчө 3ү кызгылт сары, 2си боз категориядагы жалпы 9 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Эрен Кыш-6 (Маржан тоолору) операциясынын алкагында коопсуздук күчтөрү Тунжели-Оважык районунун айыл аймагындагы үңкүрдө террористтерди курчады. Операцияда дагы алты террорист жок кылынды. 1и багынып берди. Ошентип жок кылынган террористтердин саны 9га жетти. Таасирсиз кылынган террористтердин 3үнүн кызгылт сары, 2синин боз категорияда экени аныкталды.



Тектеш кабарлар