Эрдоган «Түркиянын ыктыярчылар сыйлыктарын» тапшыруу аземине билдирүү жөнөттү

Эрдоган 5-декабрь Дүйнөлүк ыктыярчылар күнүнөн улам Түрк Кызылайы тарабынан Стамбулдагы Халич конгресс борборунда уюштурулган «Түркиянын ыктыярчылар сыйлыктарын» тапшыруу аземине билдирүү жөнөттү.

1743181
Эрдоган «Түркиянын ыктыярчылар сыйлыктарын» тапшыруу аземине билдирүү жөнөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, кайрымдуулук, боорукердик, мээримдүүлүк жана тилектештиктин эзелтен бүгүнкү күнгө чейин аздектелген түрк улутунун эң өзгөчө сапаттары болгонун белгиледи.

Эрдоган 5-декабрь Дүйнөлүк ыктыярчылар күнүнөн улам Түрк Кызылайы тарабынан Стамбулдагы Халич конгресс борборунда уюштурулган «Түркиянын ыктыярчылар сыйлыктарын» тапшыруу аземине билдирүү жөнөттү.

Эрдогандын билдирүүсүндө: «Кайрымдуулук, боорукердик, мээримдүүлүк жана тилектештик биздин сүйүктүү элибиздин илгертен бүгүнкү күнгө чейин өзгөчө сапаттары болуп келген. Түзүлгөндөн бери иш-аракеттерин «ыктыярдуулуктун» негизинде жүргүзүп келе жаткан Түрк Кызылайыбыз да өлкөбүздө жана дүйнөнүн бардык жеринде муктаж болгондордун жанында болуу менен көптөгөн жараларды айыктырды. 5-декабрь Бүткүл дүйнөлүк ыктыярчылар күнүнө карата Түрк Кызылайы тарабынан уюштурулган «Түркиянын Ыктыярчылык сыйлыктарын» тапшыруу программасы коомубуздун бардык мүчөлөрүн, өзгөчө жаштарыбызды боорукердик жана ыктыярдуулукка жарышка үндөйт деп ишенем»,-деп айтты.

Түркиянын ыктыярчылык сыйлыктары менен сыйланган ыктыярчыларды куттуктаган Эрдоган:«Жакшылыктын жарым айы болгон Түрк Кызылайынын кызматкерлерине, ыктыярчыларына жана колдоочуларына чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем»,- деди.



Тектеш кабарлар