Эрдоган Сииртте ачылуу аземине катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Европага эң жакын өндүрүш борбору  жана инфраструктурага ээ экенин айтты.

1742969
Эрдоган Сииртте ачылуу аземине катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Европага эң жакын өндүрүш борбору  жана инфраструктурага ээ экенин айтты.

Президент Эрдоган Сииртте аяктаган долбоорлордун ачылыш аземине катышты.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө өндүрүш жана иш менен камсыз кылуу борборлору аркылуу  өсүү стратегиясынын түшүмүн алышкандарын белгилеп : "Өткөн жылдагыдай эле (быйыл да) өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ичинен эң жогорку өсүү темпине жетиштк. Учурда биз Эл аралык Валюта Фонду ИМФге карыз эмеспиз. Биз азыр өзүбүздү өзүбүз камсыздап жатабыз",-  деди.

Өндүрүүчүнүн жана жумуш менен камсыздоочунун жанында экендерин баса белгилеген Эрдоган : "Келерки жылдын алгачкы айларынан баштап экономикада чындап өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине жеткенибизди көрөбүз",- деди. 


 



Тектеш кабарлар