Президент Эрдоган эконоимка тууралуу маалымат берди

Президент Р. Т. Эрдоган : «Дагы көп иштеп, дагы көп өндүрөбүз жана дагы көп өсөбүз».

1742545
Президент Эрдоган эконоимка тууралуу маалымат берди

Президент Р. Т. Эрдоган экспорттун жылдык базада 221 миллиард долларга жеткенин белгилеп : «Дагы көп иштеп, дагы көп өндүрөбүз жана дагы көп өсөбүз»,- деди.

Президент Эрдоган соцтармактан тышкы соода маалыматтары тууралуу билдирди. Билдирүүсүндө кечээ билдирилген тышкы соода маалыматтарына караганда ноябрь айындагы экспорттун өткөн жылдын ушул эле айына салыштырмалуу 33, 44 пайызга  өсүп, 21, 5 миллиард доллар болуп ишке ашкандыгын билдирген Эрдоган : «Жылдык базада экспортубуз да 221 миллиард долларга жетти. Дагы көп иштеп, дагы көп өндүрөбүз жана дагы көп өсөбүз»,- деди.

Эрдогандын маалыматында тышкы соода сандарына байланыштуу көрсөткүчтөр да орун алды. Ушуга караганда ноябрь айында 33, 44 пайыздык өсүү менен эң жогорку айлык экспортко жетишилди. Өткөн жылы 16 миллиард 89 миллион доллар болгон ноябрь айындагы экспорт бул жылы 21 миллиард 468 миллион долларга чыкты. Жылдын 11 айында ишке ашкан экспорт саны 151 миллиард 801 миллион доллардан 203 миллиард 141 миллион долларга жогорулады.



Тектеш кабарлар