Улуттук деңиз замбирегин атуу сынагы ийгиликтүү аткарылды
Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын «атуу эркин» деген буйругунан кийин улуттук деңиз замбиректерин атуу сынагы ийгиликтүү аткарылды.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын «атуу эркин» деген буйругунан кийин улуттук деңиз замбиректерин атуу сынагы ийгиликтүү аткарылды.
Акар жана коштоосундагы башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер, Түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлери менен улуттук деңиз замбирегин атуу сынагы үчүн Коньянын Карапынар районундагы атуу полигонуна барышты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган видео билдирүү жиберген аземде сөз сүйлөгөн Улуттук коргоо министри Акар улуттук деңиз замбирегинин Түрк куралдуу күчтөрүнө пайдалуу болушун каалады.
Эрдогандын видео билдирүүсү жарыялангандан кийин министр Акар берген «атуу эркин» буйругу менен улуттук деңиз замбирегин атуу сынагы ийгиликтүү акарылды.
Ийгиликтүү болгон атуудан кийин Акар менен түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлери эстелик үчүн фотографияга түшүтү.
Тектеш кабарлар
Сириянын түндүгүндө ПКК/ЙПГнын 5 террористти жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги социалдык медиа эсебинен маалымат берди.