Шентоптун Польшадагы жолугушуулары...

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп Польшадагы жолугушууларынын алкагында (кечээ) Польша Сенатынын төрагасы Томаш Гродзки менен жолугушту.

1741930
Шентоптун Польшадагы жолугушуулары...

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп Польша менен эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты бардык тармакта мындан ары да өнүктүрүүнү каалагандарын айтты.

Мустафа Шентоп Польшадагы жолугушууларынын алкагында (кечээ) Польша Сенатынын төрагасы Томаш Гродзкий менен жолугушту.

Дос жана шериктеш Польшада болгондугу үчүн кубанычта экенин айткан Шентоп: «Түркия менен Польша 6 кылымдан ашуун дипломатиялык мамилеси бар эки дос жана союздаш өлкө. Биздин өлкөлөрдүн ортосунда бекем гуманитардык байланыштар жана үлгү болорлук тилектештик бар. Тарыхта мындай узак мөөнөттүү жана интенсивдүү карым-катнаштары бар мамлекеттер көп эмес»,-деди.

2009-жылы стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткен карым-катнаштардын оңдуу жүрүшү жана акыркы мезгилдеги жогорку деңгээлдеги байланыштар менен алган ылдамдыгы кубандырат деп белгилеген Шентоп: «Биз Польша менен бардык тармактарда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуубузду жана парламенттер аралык кызматташуубузду мындан ары да өнүктүрүүнү каалайбыз»,-деди.

Шентоп Түркиянын Европа Биримдигине (ЕБ) мүчөлүк процессине көрсөткөн колдоосу үчүн Польшага ыраазычылык билдирди.

Сенаттын төрагасы Гродзкий Түркия менен Польшанын ортосунда ар бир тармакта кызматташтык потенциалы бар экенин, Түркиянын туризм жагынан поляктардын биринчи тандоосу экенин баса белгиледи.

Шентоп жана аны коштогондор Варшаванын Пилсудский аянтындагы Белгисиз солдаттын эстелигине венок коюшту. Шентоп бул жерде эстелик китебине кол койду жана эстелик тууралуу маалымат алды.

Шентоп жана аны коштогондор Варшава королдук сарайын да зыярат кылышты.



Тектеш кабарлар