Эрдоган: «Деңиз замбирегин өндүргөн саналуу өлкөлөрдүн катарына кошулду»

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Машина жана химия өнөр жайы (MKE) деңиз замбирек менен кургактыкка атуулар программасына видео кайрылуу жолдоду.

1742013
Эрдоган: «Деңиз замбирегин өндүргөн саналуу өлкөлөрдүн катарына кошулду»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын өнүктүргөн улуттук деңиз замбиреги менен бул курал системасын чыгарган саналуу өлкөлөрдүн бири болгонун айтты.

Президент Эрдоган Коньянын Карапынар районунда өткөрүлгөн Машина жана химия өнөр жайынын (MKE) Деңиз замбиреги менен кургактыкка атуулар программасына видео кайрылуу жолдоду.

Эрдоган (бүгүн) Түркиянын коргоо өнөр жайы үчүн тарыхый күн экенин белгилеп: «Деңиз замбиректери деңиз флотунун ажырагыс элементи катары алдыңкы планга чыккан курал системалары. Согуштук кемелердин сокку уруучу күчү болгон бул курал системалары согушта маанилүү ролду ойнойт»,-деди.

Түркия катары болжол менен бир жыл мурда коргонуу өнөр жайын атамекендик кылуу аракетине деңиз замбиректерин кошкондорун баса белгилеген Эрдоган, башка тармактарда болгондой өлкөнүн деңиздик замбирек боюнча да тышкы көз карандылыгын жок кылгандарын айтты.

Эрдоган: «Түркия азыр өзү иштеп чыккан улуттук деңиз куралы менен бул курал системасын чыгарган саналуу өлкөлөрдүн бири болуп калды»,-деди.



Тектеш кабарлар