Чавушоглу Швецияда эки тараптуу жолугушууларды улантууда

Чавушоглу Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде менен жолугушту.

1742069
Чавушоглу Швецияда эки тараптуу жолугушууларды улантууда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Министрлер кеңешинин 28-жыйынына катышуу үчүн барган Швецияда тышкы иштер министри Анн Линде менен жолугушту.

Мевлүт Чавушоглу, Линде менен жолугушуусуна байланыштуу социалдык медиа баракчасынан: «Биз бүгүнкү күндү ЕККУнун учурдагы төрагасы Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде менен жолугушуудан баштадык. Ооганстан менен Украинадагы кырдаалды жана ЕККУнун аймагындагы жагдайды талкууладык»,-деди.

Министр Чавушоглу Швецияда Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель жана Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей менен да жолугушкан болчу.



Тектеш кабарлар