Ардаханда «Эрен кыш-9» операциясы башталды
Операцияга 39 десант жана 405 кызматкер катышууда.
1742188
Ардаханда 405 кызматкердин катышуусунда «Эрен кыш-9» операциясы башталганы маалымдалды.
Губернаторлуктун билдирүүсүнө караганда, жикчил террордук уюм ПКК/КЖКны өлкөнүн күн тартибинен чыгаруу, террористтерди таасирсиз кылуу жана көзөмөлгө алуу максатында коопсуздук күчтөрү тарабынан шаарда «Эрен кыш-9» операциясы башталды.
Облустук жандармерия командирлигинин жооптуу аймагындагы облустун борбору менен Гөле районунун чек араларында башталган операцияга 39 десант жана 405 кызматкер катышууда.