Алтун: «Күчтүү Түркия максатыбыз үчүн талыкпай иштейбиз»

Фахреттин Алтун билдирүү жасады.

1742196
Алтун: «Күчтүү Түркия максатыбыз үчүн талыкпай иштейбиз»

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, экспорттун өткөн жылдын ноябрь айына салыштырмалуу 33,4 пайызга өсүү менен 21,5 миллиард долларга жеткенин билдирип: «Президентибиздин жетекчилигинде күчтүү Түркия максатыбыз үчүн талыкпай иштейбиз»,- деди.

Алтун Твиттердеги билдирүүсүндө, экспорттун Республика тарыхындагы эң жогорку айлык көрсөткүчкө жеткенин баса белгилеп: «Биз кыска убакыттын ичинде тапкан жаратылыш газынын запастарын казып баштаганда, энергетикага болгон валюталык каржылоо азайып, бул да жарандарыбыздын сатып алуу күчү жана жыргалчылыгы катары кайтып келет. Биз президентибиздин жетекчилигинде күчтүү Түркия максатыбыз үчүн тынымсыз иштейбиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар