Эрдоган Лафарж боюнча Макронго каршылык көрсөттү

Эрдоган Франциянын президенти Макрондун мамилесин сынга алды.

1741589
Эрдоган Лафарж боюнча Макронго каршылык көрсөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, француз цемент фирмасы Лафарждын Сириядагы террордук уюмдарга көрсөткөн колдоосуна байланыштуу Франциянын президенти Эммануэль Макрондун мамилесин сынга алды.

Президент Эрдоган, Түркия радио-телекөрсөтүү мекемесинин (ТРТ) биргелешкен берүүсүндө, француз фирмасы Лафарждын террордук уюмдарга колдоосун ачыкка чыгарган даректүү тасма үчүн ТРТга ыраазычылык билдирди.

Батыш өлкөлөрүндө Түркияга карата айтылган адилетсиз сындарды эске салган Эрдоган, Лафаржды мисалга тартты.

Эрдоган Франциянын өз позициясын кайра карап чыгышы керектигин айтып: «Лафарж фирмасынын ДЕАШ менен байланышкан иш-аракеттери да ушул алкакта Франциянын сот системасы тарабынан ачыкка чыгарылды жана француз сот системасы да буга өкүм чыгарды. Мындан башка дагы далил болушу мүмкүнбү?»,-деди.

Бул теманы Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен да сүйлөшкөнүн түшүндүргөн Эрдоган: «Лафарждын террордук уюмдарга колдоосу менен ал жердеги туннелдер жана жер астындагы курулуштар ар дайым Лафарждын колдоосу менен болуп келген. Мен муну Макрондун өзүнө да айттым. Ал билмексен болуп ушундай иштерге барууда, ушунтип кутулууга аракет кылууда. Алар тилекке каршы эки жүздүү»,-деп айтты.

Террордун бардык түрүнө колдоо көрсөтүүнү дароо токтотуу чакырыгын кайталаган Эрдоган: «Сириядагы террор көйгөйүнүн негизги себеби - террордук уюмдарга берилген тышкы колдоо. Кээ бир өлкөлөрдүн ДЕАШка каршы күрөшүү шылтоосу менен жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга көрсөткөн колдоосу кабыл алынгыс»,-деди.



Тектеш кабарлар