Эрдоган Япониянын премьер-министри Кишида менен сүйлөштү

Сүйлөшүүдө эки өлкөнүн карым-катнаштарын жакшыртуу кадамдары талкууланды.

1741611
Эрдоган Япониянын премьер-министри Кишида менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Япониянын премьер-министри Кишида Фумио менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө эки өлкөнүн карым-катнаштарын жакшырта турчу кадамдар талкууланды.

Эрдоган сүйлөшүүдө Япониянын премьер-министри болуп шайланышынан улам Кишиданы куттуктап, Түркия менен Япониянын ортосундагы жакын кызматташтыкты жаңы мезгилде да уланта тургандарына ишенгендигин билдирди.

Президент Эрдоган эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү экономика, билим берүү, апааттарды башкаруу, энергетика, коопсуздук жана коргоо өнөр жайы сыяктуу кеңири тармактарда дагы да илгерилетүүнү каалашкандарын айтты.



Тектеш кабарлар