Эрдоган: «Синоптогу Аянжык терминал көпүрөсүн рекорддук убакытта бүтүрдүк»

Президент Эрдоган, Синоп Аянжык терминал көпүрөсүнүн ачылыш аземине видео кайрылуу жолдоду.

1740202
Эрдоган: «Синоптогу Аянжык терминал көпүрөсүн рекорддук убакытта бүтүрдүк»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 110 метрлик Синоп Аянжык терминал көпүрөсүн 80 күндө рекорддук мөөнөттө бүтүргөндөрүн жана бүгүнкү ачылышка даярдашкандарын айтты.

Президент Эрдоган, Синоп Аянжык терминал көпүрөсүнүн ачылыш аземине видео кайрылуу жолдоду.

Үстүбүздөгү жылы дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде болгондой эле Түркияда да кыйроолорго, жан жана мүлккө зыян келтирген табигый кырсыктар катталганын эске салган Эрдоган: «Биз коронавирус (Ковид-19) пандемиясына каршы күрөштү улантып жатып сел, жер титирөө жана өрт кырсыктары менен да күрөштүк. Бизге окшогон кырсыктарды башынан өткөргөн Европа менен Америкага караганда биз элибизге тез жана натыйжалуу жардам көрсөттүк. Кырсык болгон алгачкы учурдан тартып биз бардык каражаттарыбыз жана мекемелерибиз менен апааттардан жабыр тарткан боордошторубуздун жанында болдук. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана кырсык болгон аймактарды калыбына келтирүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшадык»,- деди.

11-августтагы сел кырсыгынан кийин талкалангандардын ордуна мындан да жакшысы жана күчтүүсү курула турганын убада кылгандарын эске салган Эрдоган: «Бүгүн биз Синопто бул убаданы аткаруу менен сыймыктанып жатабыз»,-деп айтты.

110 метрлик Терминал көпүрөсүн 80 күндө рекорддук мөөнөттө бүтүргөндөрүн жана ачылышка даяр кылгандарын билдирген Эрдоган, башка долбоорлорго байланыштуу процесстерге да жакындан көз салып жаткандарын айтты.



Тектеш кабарлар