Эрдоган: «Майыптарды дайындоодо рекорд койдук»

Эрдоган «Тоскоолдуктарды бирге жеңдик – Измир жолугушуусуна» катышты.

1739961
Эрдоган: «Майыптарды дайындоодо рекорд койдук»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, ушул убакка чейин (19 жылдык башкаруусунда) 62 миң 337 майыпты дайындоо менен бул тармакта рекорд жаңырткандарын белгилеп, алдыбыздагы мезгилде бул сандын дагы да өсөөрүнө ишенгенин айтты.

Эрдогандын Измирдин Менемен районунда катышкан «Тоскоолдуктарды бирге жеңдик – Измир жолугушуусунун» көрүнүштөрү бөлүшүлдү.

Спорт, искусство, билим берүү жана бизнес турмушунда ийгиликтерге жетишкен майыптар менен жолугуудан абдан кубанычта экенин белгилеген Эрдоган, бул маңыздуу жолугушууга катышкандардын баарына ыраазычылык билдирди.

«Ушул убакка чейин 62 миң 337 майыпты дайындап, бул тармакта рекорд койдук. Учурда жалпы мамлекеттик кызматкерлердин арасында майыптардын катышы 2 пайызга жакындап калды. Алдыдагы мезгилде бул сандын дагы да өсөрүнө ишенемин»,- деген Эрдоган: «Сиздер тоскоолдуктарды жеңүүнүн биринчи кезекте ишеним маселеси экенин күн сайын далилдеп жатасыздар. Спорт, искусство, бизнес, саясат, билим берүү жана берки тармактардагы жетишкендиктериңиздерге сыймыктанабыз. Майып бир туугандарыбыздын жашоонун бардык тармагына эч кандай тоскоолдуксуз катыша алышы үчүн биз талыкпай иштеп жатабыз. Мектептерибизди, шаарларыбызды, көчөлөрүбүздү кайра куруу менен майып туугандарыбыздын алдындагы тоскоолдуктарды бир-бирден алып салууга аракет кылуудабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар