Шентоп Испанияда эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

Шентоп Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөрүлгөн Парламенттер аралык биримдиктин (PAB) Башкы Ассамблеясынын 143-жыйынына катышты.

1739677
Шентоп Испанияда эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү
Jorge Pizarro Soto-Mustafa Sentop.jpg
Tanzila Narbayeva.jpg
Sahibe Gafarova-Mustafa Sentop.jpg

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөрүлгөн Парламенттер аралык биримдиктин (PAB) Башкы Ассамблеясынын 143-жыйынынын алкагында көптөгөн лидерлер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Мустафа Шентоп Азербайжан парламентинин төрагайымы Гафарова менен жолугушту.

Шентоп Азербайжандын Жеңиш майрамы болгон 9-ноябрдан кийин Армениянын провокацияларын күчөткөнүн жана бул процесске тынчсыздануу менен байкоо салгандарын белгилеп: «Армения Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн бузууну токтотуп, кыраакы позицияны карманышы керек»,-деди.

Шентоп: «Аймакта ырааттуулук жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү белгиленип жаткан учурда, окуялардын көзөмөлгө алынышын камсыз кылышыбыз керек. Аймактык кызматташтыкка багытталган мүмкүнчүлүк терезесин ачык кармоо үчүн Армения да токтоолук менен мамиле кылышы зарыл»,-деди.

Шентоп Түркиянын Азербайжан менен тилектештигинин ушул убакка чейин болгону сыяктуу эле мында ары да улана турганын баса белгиледи.

Шентоп Азербайжан парламентинин спикери Гафарованы 9-10-декабрь күндөрү Стамбулда Түркия Улуу Улуттук Жыйын тарабынан өткөрүлө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Биримдигинин (ISIPAB) 16-конференциясына чакырды.

Өзбекстан Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен да жолуккан Мустафа Шентоп, Өзбекстанда 24-октябрда өткөн президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Шентоп Түркия менен Өзбекстандын орток цивилизация, тарых жана маданиятты бөлүшкөн эки бир тууган өлкө экенин баса белгилеп: «Акыркы мезгилде биздин кызматташтыгыбызда жетишилген ылдамдыкка кубанычтабыз»,-деди.

Шентоп Латын Америкасы жана Кариб деңизи парламентинин (Парлатино) төрагасы Хорхе Писарро Сото менен өткөргөн жолугушуусунда да Латын Америкасы жана Кариб деңизи менен карым-катнаштарга чоң маани бергендерин айтып: «Аймактык уюмдар Латын Америкасы жана Кариб деңизи менен мамилебизди өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт жана кызматташууну мүмкүн болгон бардык тармактарда илгерилетүүнү каалайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар