Эрдоган Түркмөнстанда өткөрүлгөн ЭКУнун 15-саммитинин ачылышында сөз сүйлөдү

Президент сөзүндө, терроризм менен күрөшүүдөгү кызматташтыкка басым жасады.

1739766
Эрдоган Түркмөнстанда өткөрүлгөн ЭКУнун 15-саммитинин ачылышында сөз сүйлөдү
erdogan eit1.jpg
erdogan eit.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, террор менен күрөшүүдө аймактык жана эл аралык кызматташтыктын абдан маанилүү экенин айтты.

Президент Эрдоган Түркмөнстанда өткөрүлгөн Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) 15-саммитинин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө, терроризм менен күрөшүүдөгү кызматташтыкка басым жасады.

Аймагыбыз ПКК, ЙПГ, ФЕТО жана ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдардан тазаланган сайын тынчтык, ырааттуулук жана экономикалык өнүгүү да ылдамдайт»,-деген президент Кипр маселеси боюнча дүйнөгө чакырык салды.

Эрдоган: «Кипр түрк элинин эгемендик теңдигин жана бирдей эл аралык статусун каттоо Кипр маселесинде чечүүчү жолдун ачкычы болуп саналат»- деп айтып, бардык дос жана боордош өлкөлөрдүн Түндүк Кипр Түрк Республикасынын чечүүчү көз карашын баалоосун өтүндү.

Аймакта транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү аракеттеринин тынымсыз уланып жатканын билдирген Эрдоган, соода көлөмүнүн 100 миллиард долларга жеткирилиши керектигин баса белгиледи.

Гуманитардык жана экономикалык кризиске кабылган Ооганстанда жаңы башкаруу түшүнүгүнүн өнүктүрүлүшүнүн орток каалоосу экенин белгилеген Эрдоган, бүткүл аймакка таасир эте турган качкындар кризисинин алдын алуу үчүн экономикалык активдүүлүктүн жандануусу керектигин айтты.

Президент Азербайжандын аймактагы гүлдөп-өнүгүүнү жогорулатуу үчүн таштаган кадамдарынын да кубатталышы керектигин белгилеп: «Түркия катары бир туугандарыбыздын жанында болууну улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар