Талибан өкмөтү өлкөнүн Түркиянын жардамына муктаж экендигин белгиледи

Абдул Кебир Түркиянын Кабулдагы элчиси Жихад Эргинай менен жолугушту. Жолугушууда Абдул Кебир Түркиянын Афганистанда дагы көп инвестиция салуусун каалагандыгын айтты.

1739617
Талибан өкмөтү өлкөнүн Түркиянын жардамына муктаж экендигин белгиледи

Афганистандагы  Талибан убактылуу өкмөтүнүн вице – премьер - министри Мевлеви Абдул Кебир, Афганистандын өзгөчө Түркиянын жардамына муктаж экенин айтты.

Абдул Кебир Түркиянын Кабулдагы элчиси Жихад Эргинай менен жолугушту. Жолугушууда Абдул Кебир Түркиянын Афганистанда дагы көп инвестиция салуусун каалагандыгын айтты.

Афганистан менен Түркиянын ортосундагы достук карым  - катнаштарынын көптөгөн жылдарга таянгандгын айткан Абдул Кебир Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги башкармалыгынын Афганистанда аткарган иштеринен ыраазы экендерин айтты.

Абдул Кебир Афганистанда аялдар көп тармакта иштей баштаганын, кыздардын билим алышы келерки жылы башталаарын кошумчалады.

Элчи Эргинай да Түрк Кызылайы жана бейөкмөт уюмдар аркылуу өлкөдөгү жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жана качкындарга жардам бергендерин жана бул аракеттердин уланып жатканын баса белгиледи.

Эргинай : «Түрк ишкерлери Афганистанда инвестиция салууну каалап жатышат жана алдыбыздагы жумаларда айрым ишкерлер Афганистанга келишет»,- деди.



Тектеш кабарлар