Мевлүт Чавушоглу эфиопиялык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү

Чавушоглу кесиптеши Меконнен менен сүйлөшүп, Эфиопиядагы акыркы абалды талкуулашты.

1739469
Мевлүт Чавушоглу  эфиопиялык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Эфиопиянын вице  - премьер  -  министри жана тышкы иштер министри Демеке Меконнен менен өлкөдөгү акыркы аблдар тууралуу телефон аркылуу сүйлөштү.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда министр Чавушоглу кесиптеши Меконнен менен сүйлөшүп, Эфиопиядагы акыркы абалды талкуулашты.

Сүйлөшүүдө министр Чавушоглунун кесиптешине : «Эфиопиядагы кагылышуулардын акырына чыгарылышы жана маселенин диалог жолу менен чечилиши үчүн бардык колдоону көрсөтүүгө даярбыз»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар