Президент Эрдоган аялдардын укугун талашууда жандарында экендерин айтты

Президент Эрдоган 25 - ноябрь аялдарга карата зомбулукка каршы эл аралык күрөшүү күнүнөн улам твиттерден маалымат жарыялады.

1739019
Президент Эрдоган аялдардын укугун талашууда жандарында экендерин айтты

Президент Р. Т. Эрдоган : «25 -  ноябрь аялдарга карата зомбулукка каршы Эл аралык күрөшүү күнүнүн эң башта динибиздин, цивилизациябыздын, баалуулуктарыбыздын алдында турган бул маселенин толугу менен жок болушуна себеп болушун каалаймын»,- деди.

Президент Эрдоган 25 - ноябрь аялдарга карата зомбулукка каршы эл аралык күрөшүү күнүнөн улам твиттерден маалымат жарыялады.

Эрдоган маалыматында буларды билдирди : «Адам укуктарынын бузулушу болгон аялдарга карата зомбулук тилекке каршы бүткүл дүйнөнүн маселеси. Аялдарга карата зомбулук менен күрөш ошол эле учурда апабыздын,жубайыбыздын, кызыбыздын укугун коргоо күрөшү экендигин унутпайлы. Бул маселенин жок болушу, бардык бөлүктөрдүн ишеничи, аракети жана макулдашуусу менен мүмкүн болот».

Эрдоган аялдарга карата зомбулук менен күрөшүүдө чечкиндүү экендерин баса белгилеген маалыматында : «Ушул кезге чейин аялдардын бардык тармактардагы укугун талашуу күрөшүндө жанында болдук. Мындан кийин да жанында болобуз. Аялдарга каршы зомбулукту адамзаттык жана ахлактык баалууктарыбызды күчөтүп, толугу менен жок кылууда чечкиндүүбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар