Түркиянын Маариф фондунун билим берүү тармагындагы ролу

Президент Эрдоган Түркиянын Маариф фонду уюштурган Стамбул билим берүү саммитине видео кайрылуу жолдоду.

1738745
Түркиянын Маариф фондунун билим берүү тармагындагы ролу

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Маариф фондунун жайгашкан өлкөлөрдө билим берүү тармагында бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууда да маанилүү роль ойногонун айтты.

Президент Эрдоган Түркиянын Маариф фонду уюштурган Стамбул билим берүү саммитине видео кайрылуу жолдоду.

Түркияны, улуттун баалуулуктарын жана универсалдуу принциптерди өлкөнүн тышында ийгиликтүү өкүлдүк кылган мекемелердин бири Түркия «Маариф» фонду экенин баса белгилеген Эрдоган, фонддун бүгүнкү күндө 6 континеттин 47 өлкөсүндө ачкан 414 билим берүү мекемеси менен 50 миңге жакын окуучуга кызмат кылып жатканын түшүндүрдү.

Фонддун мүчөлөрүнүн дүйнөнүн эң көйгөйлүү жана кыйынчылыктуу аймактарында чоң берилгендик жана чын ыклас менен иштөөсүн улантып жатканын белгилеген Эрдоган: «Түркиянын "Маариф" фонду ФЕТӨчү чыккынчылар себеп болгон чыгымдардын ордун толтурууда гана эмес, ал жайгашкан өлкөлөрдө билим берүү тармагында бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууда да маанилүү роль ойноодо. Биздин Маариф мектептерибиз эл аралык билим берүү системаларын жана жергиликтүү окуу программаларын колдонуу менен дүйнөнүн өзгөрүшүнө жана өнүгүшүнө, достукту өнүктүрүүгө салымы бар. Түркия бул аракеттери менен  Бириккен Улуттар Уюмунун 2030 көз караш документинде жарыяланган туруктуу өнүгүү үчүн сапаттуу билим берүү максаттарына да салым кошууда»,-деди.

Президент, фонддук мектептердин алар жайгашкан өлкөлөрдө билим сапаты менен гана эмес, чынчыл кызматкерлери менен да жогору бааланганын айтты.

Эрдоган: «Стамбул билим берүү саммити фондубуздун жол картасын аныктоодо жана анын ийгилик көрсөткүчүн жогорулатууда бурулуш болот деп үмүттөнөм»,-деди.



Тектеш кабарлар