Түркия Сомалидеги террордук кол салууну катуу айыптады

Түркия Сомалиге көңүл айтты.

1738788
Түркия Сомалидеги террордук кол салууну катуу айыптады

Түркия Сомалинин борбор шаары Могадишодо бир мектептин алдында болгон жана көп сандаган кишинин өмүрүн алган террордук кол салууну катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Могадишонун Ходан районунда бир мектептин алдында эртең менен болгон бомбалуу кол салууда кеминде 8 кишинин каза болушунун жана көп сандаган кишинин жаракат алышынын терең кайгыга салганы белгиленди.

«Бул мыкаачылык кол салууну катуу айыптайбыз, дос жана боордош Сомалинин өкмөтү менен элине көңүл айтабыз. Кол салууда каза болгондорго Аллахтын ырайымын, жаракат алгандардын тез сакайып кетишин каалайбыз» деген сөздөр камтылган билдирүүдө, Түркиянын террор менен күрөшүүдө Сомалинин жанында болушун уланта турганы айтылды.

Сомали полициясы, Африка Биримдигинин Сомалидеги Миссиясынын (AMISOM) конвойу шаардан өтүп баратканда бомбалуу кол салуу болгонун, кол салууда 8 киши көз жумуп, 23 кишинин жараланганын кабарлаган болчу.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Аш-Шабаб” уюму өзүнө алган.



Тектеш кабарлар