Мардинде Эрен Кыш-8 операциясы башталды

Эрен операцияларынын элдин колдоосу менен «ишенимдүү» жана «чечкиндүү» түрдө ийгиликтүү уланганы баса белгиленди.

1738384
Мардинде Эрен Кыш-8 операциясы башталды

Мардинде Эрен Кыш-8 Өмерьян шейит коопсуздук күзөтчүсү Абдуллатиф Эмен операциясы башталды.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, жикчил террордук уюм ПККны өлкөнүн күн тартибинен чыгаруу жана аймакта баш калкалаган террористтерди таасирсиз кылуу максатында Мардинде башталган операцияга Жандармерия десанттары, жандармериянын атайын операциялык жана коопсуздукту сактоочу топтордон турган 670 кызматкер катышып жатканы белгиленди.

Билдирүүдө, өлкөдө террорду толугу менен жок кылууга карата жүргүзүлгөн Эрен операцияларынын элдин колдоосу менен «ишенимдүү» жана «чечкиндүү» түрдө ийгиликтүү уланганы баса белгиленди.


Этикеткалар: #Мардинде Эрен Кыш-8

Тектеш кабарлар