Эрдоган: «Халал өнүм жана кызматтарына барган сайын көбүрөөк артыкчылык берилүүдө»

Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) 8-Халал Экспо жарманкесинин жана 7-Дүйнөлүк Халал саммитинин ачылыш аземи болуп өттү.

1738805
Эрдоган: «Халал өнүм жана кызматтарына барган сайын көбүрөөк артыкчылык берилүүдө»
helal halal fuari expo istanbul.jpg
helal halal fuari expo istanbul.jpg
helal halal fuari expo istanbul.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган халал сертификаты бар өнүмдөр менен кызматтардын, таза жана сапаттуулугуна байланыштуу мусулмандар, ал эмес берки диндегилер тарабынан барган сайын көбүрөөк тандалып жатканын айтты.

Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) 8-Халал Экспо жарманкесинин жана 7-Дүйнөлүк Халал Саммитинин ачылыш аземи болуп өттү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбул Конгресс борборунда өткөрүлгөн жарманке жана саммиттин ачылыш аземине билдирүү жөнөттү.

Эрдоган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Халал сертификаты бар өнүмдөр жана кызмат көрсөтүүлөр, таза жана ден-соолукка пайдалуу болгондуктан мусулмандар, ал эмес берки диндердин өкүлдөрү тарабынан көбүрөөк тандалууда. Гиганттык масштабга жеткен бул сектордо биз керектөөчүнүн халал сертификаты бар өнүмдөргө жана кызматтарга ишенимдүү жеткиликтүүлүгүн камсыздап, ошондой эле бул өнүмдөр менен кызматтардын эл аралык соодадагы жүгүртүүсүн жеңилдетишибиз керек. Ушул максатта 2010-жылы иштей баштаган Ислам өлкөлөрүнүн стандарттары жана технология институтунун абдан маанилүү роль ойногонун көрүп жатабыз»,-деди.

Бардык Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдү институтка мүчө болууга, ушундайча халал сертификатындагы айырмачылыктарды жана ишенимсиздиктерди жоюуга чакыргандарын белгилеген Эрдоган: «Биз халал сертификаты бар өнүмдөрдү жана кызматтарды соодалоодогу кызматташтыгыбызды кеңейткен сайын бүткүл адамзатка пайдалуу болот. Негизи биз Түркия катары өлкөбүзгө 3 жылдай мурда алып келген Халал аккредитация агенттиги (HAK) менен бул маселеге канчалык маани бергенибизди көрсөттүк»,-деп айтты.

Эрдоган дүйнө жүзү боюнча коронавирус (Ковид-19) пандемиясы менен биргеликте сапаттуу, таза жана коопсуз тамак-ашка байланыштуу тынчсыздануулар күчөгөн учурда өткөрүлгөн бул саммиттин өз тармагында бурулуш чекити болооруна ишенгенин билдирди.



Тектеш кабарлар