Измирде Греция түрк сууларына сүргөн мыйзамсыз мигранттар куткарылды

Измирдин Сеферихисар, Мендерес жана Дикили райондорунда грек элементтери тарабынан Түркиянын  сууларына кайра сүрүлгөн 199 мыйзамсыз мигрант куткарылды.

1738039
Измирде Греция түрк сууларына сүргөн мыйзамсыз мигранттар куткарылды

Измирдин Сеферихисар, Мендерес жана Дикили райондорунда грек элементтери тарабынан Түркиянын  сууларына кайра сүрүлгөн 199 мыйзамсыз мигрант куткарылып, Чешме районуна жакын жерде кайыктагы 25 мыйзамсыз мигрант кармалды.

Жээк коопсуздук командирлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Сеферихисар районунун жээктеринде парустуу кемеде бир группа мыйзамсыз мигранттын бар экени боюнча кабар келип, Жээк коопсуздугунун кайыгынын аймакка баргандыгы маалымдалды.

Топтор  Греция тарабынан түрк сууларына сүрүлгөн резина кайыктагы 136 мигрантты куткарды. Өзгөчө мыйзам тышы жолдор менен өлкө тышына чыгууга аракет кылган 3 шектүү адам да кармалды.

Мендерес районунун Өздере жээгинде жана Дикили районуна жакын жерде Греция тарабынан сүрүлгөн резина кайыктагы мыйзамсыз 63 мигрант да куткарылды.

Бир тараптан Чешме районуна жакын жерде Жээк коопсуздук кайыктары аныктаган  бир резина кайыктагы 25 мыйзамсыз мигрант кармалды.

Мыйзамсыз мигранттар процедуралардан кийин облустук миграция башкармалыгына тапшырылды.



Тектеш кабарлар