Эрдоган: «Палестина доосун акырына дейре жактоого чечкиндүүбүз»

Президент Эрдоган, 24-25-ноябрда Стамбулда өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун Экономикалык жана соода кызматташтыгы туруктуу комитетинин (ИСЕДАК) 37-Министрлер жыйналышына видео кайрылуу жөнөттү.

1738055
Эрдоган: «Палестина доосун акырына дейре жактоого чечкиндүүбүз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Палестина доосун акырына дейре жактоого чечкиндүү экендиктерин баса белгилеп: «Ислам Кызматташтыгы Уюмуна (ИКУ) мүчө өлкөлөрү катары Палестина маселесинде кемчиликке учурата турган ар түрдүү иш-аракеттерден алыс болушубуз керек»,-деди.

Президент Эрдоган, 24-25-ноябрда Стамбулда өтүп жаткан Ислам Кызматташтык Уюмунун Экономикалык жана соода кызматташтыгы туруктуу комитетинин (ИСЕДАК) 37-Министрлер жыйналышына видео кайрылуу жөнөттү.

Эрдоган билдирүүсүндө «Израилдин Чыгыш Кудс жана Батыш Шериадагы мыйзамсыз отурукташуу, үйлөрдү кулатуу, күчкө салып жеринен ажыратуу, конфискациялоо, эвакуация саясаттарын токтот дешибиз керек»,-деп айтты.

«Палестина доосун акырына дейре жактоого чечкиндүүбүз. Ислам Кызматташтыгы Уюмуна (ИКУ) мүчө өлкөлөр катары Палестина маселесинде кемчиликке учурата турган ар түрдүү иш-аракеттерден алыс болушубуз керек»,-деп айткан Эрдоган: «Кытайдын Шиңжаң Уйгур Автономиялуу Аймагындагы уйгур түрктөрү жана берки мусулман азчылыктардын абалын кылдат байкап жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар