Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Түркияда

Мураскер принц бин Заидди борбор шаар Анкарадагы Эсенбога аэропортунда соода министри Мехмет Муш жана жетекчилер тосуп алышты.

1738179
Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Түркияда

Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу боюнча Түркияга расмий сапар менен келди.

Мураскер принц бин Заидди борбор шаар Анкарадагы Эсенбога аэропортунда соода министри Мехмет Муш жана жетекчилер тосуп алышты.

Бин Заид андан соң президент Эрдоган тарабынан Президенттик комплексте расмий азем менен тосуп алынды.

Делегацияларын өз ара тааныштырган Эрдоган менен Бин Заид жекеме-жеке жолугушууга барышты.

Эрдоган менен Бин Заиддин делегациялар ортосундагы жолугушуусунан кийин келишимдерге кол коюлат.

Ошол эле учурда Түркия менен Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар бардык жагынан каралып, кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн таштала турган кадамдар сүйлөшүлөт.

Жолугушууларда актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер, ошондой эле эки тараптуу мамилелер боюнча пикир алмашуу көздөлүүдө.

Бир тараптан Бин Заеддин иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн соода, энергетика жана экология тармагында кызматташтыгын өнүктүрө турган өз ара түшүнүшүү меморандумдары менен Түркияга түз инвестицияны камтыган келишимдерге кол коюлат.

БАЭнин өнөр жай жана алдыңкы технологиялар министри Султан аль-Жабир, бул сапардын негизги максатынын соода жана бизнес өнөктөштүктү жогорулатуу, туруктуу жана ийгиликтүү инвестициялар аркылуу экономикалык баалуулуктарды түзүү экенин билдирген. 

Султан аль-Жабир Түркия менен энергетика, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, логистика, транспорт, өнөр жай, инфраструктура, финансы, туризм жана ошондой эле климаттын өзгөрүшү, энергетика, суу жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча кызматташтыкты улантууну каалашкандарын баса белгилеп, мындан аркы инвестиция жана кызматташуу боюнча жаңы максаттарды коюуга даяр экендиктерин айткан болчу.



Тектеш кабарлар