Түрк коргонуу өнөр жайы учак конуучу кеме курууга даярданууда

Исмаил Демир түрк коргонуу өнөр жайынын күн тартибиндеги түрдүү темаларга баа берди.

1737733
Түрк коргонуу өнөр жайы учак конуучу кеме курууга даярданууда

Коргонуу өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир, дүйнө жүзү «учкучсуз учуучу аппараттар конуучу кеме» концепциясы менен Түркия аркылуу таанышканын айтты.

Исмаил Демир түрк коргонуу өнөр жайынын күн тартибиндеги түрдүү темаларга баа берди.

Демир учак конуучу кеменин аныкталган жалгыз бир кеме түрү эмес экенин жана бул концепциянын айланасында изилдөө жүргүзүлүшү мүмкүн экенин айтып:«TCG Анадолу амфибиялык чабуул кемесине куралдуу жана куралсыз учкучсуз учуучу аппараттарды (İHA / SİHA) жайгаштыруунун мүмкүн экенин көрдүк жана бул боюнча ишти баштадык. Анадолу кемеси азыр деңизге түшүрүлдү. Алардын жабдуулары бир топ өнүккөн. Аппараттык камсыздоонун бүтүшү күтүлүүдө. Жакын арада пайдаланууга берилет»,-деди.

Учак конуучу кеме концепциясынын эми өзгөрө баштаганын баса белгилеген Демир:«Бул жерде да биз күн тартибине жаңы концепцияны алып келдик, «учкучсуз учуучу аппараттар конуучу кеме». Ал чет элдик басма сөздө да көңүл бурду»,-деп айтты.

Демир түрк тибиндеги чабуул кемеси долбоорунда жеткен баскычка көңүл буруп: «Долбоордогу биринчи прототибин куруу процесси 2022-жылы башталат. Долбоор так»,деген маалыматты берди.

Демир түрк коргонуу өнөр жай экспортунун келерки жылы 3 миллиард доллардан ашарын ойлогондорун айтты.

Демир абадан коргонуу тармагындагы изилдөөлөргө токтолуп: «Абадан коргонууда Сунгур, Хисар А (Төмөн бийиктик), Хисар О (Орто бийиктик) ракеталарынын тапшыруулары бар. Хисар Онун жеткирилишин баштайбыз. Балким, бул жыл аяктаганга чейин Сипер абадан коргонуу системасынын жаңы сынагын өткөрүшүбүз мүмкүн»,-деди.



Тектеш кабарлар