Түркияда террористтердин саны азайды

Министр Сойлу борбор шаар Анкарада билдирүү жасады.

1737189
Түркияда террористтердин саны азайды

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, жикчил террордук уюм ПККга быйыл бешөө чет өлкөдөн 48 кишинин кошулганын, акыркы беш жылда 2072 уюм мүчөсүнүн 1043ү ынандыруу жолу менен багынып бергенин айтты.

Борбор шаар Анкарадагы билдирүүсүндө террор менен күрөшкө токтолгон Сойлу, Түркиянын 40 жылдан бери террор менен сыналганын эске салып: «2014-жылы 5 миң 558 киши кошулган террордук уюмга бүгүнкү күндө 48 катышуу бар. Учурда Түркияда террористтердин жалпы саны 180ден төмөн. Террордук кол салуулардын саны 2 миң 817ден 135ке азайды. ПКК быйыл 5и чет өлкөдөн 48 кишини уюмга кошсо, акыркы беш жылда 1043ү ынандыруу жолу менен жалпы 2 миң 72 уюм мүчөсү багынып берди»,- деди.

Террор менен күрөшүүдө сериялык операциялардын жүргүзүлүп жатканын айткан Сойлу: «Эрен кыш операциясынын алтоосу уланууда, бүгүн 7-син Битлис Сарпкаяларда 680 баатырыбыз менен баштадык. Эренде эле 167 террорист жана 157 үңкүр таасирсиз кылынды»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар