Татар: «Кипр түрк калкынын Түркиянын кепилдигинен баш тартышы мүмкүн эмес»

Татар, жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Түркиянын эч качан кепилдиктердин жоюлушун каалабаганын» айткан жана Түркияны келишпестик менен айыптаган Түштүк Кипр Рум башкаруучулугунун (ТКРБ) лидери Никос Анастасиадистин айыптоолоруна жооп берди.

1736794
Татар: «Кипр түрк калкынын Түркиянын кепилдигинен баш тартышы мүмкүн эмес»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар, Кипр түрк калкынын Түркиянын кепилдигинен баш тартышынын мүмкүн эмес экенин айтты.

Татар, жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Түркиянын эч качан кепилдиктердин жоюлушун каалабаганын» айткан жана Түркияны келишпестик менен айыптаган Түштүк Кипр Рум башкаруучулугунун (ТКРБ) лидери Никос Анастасиадистин айыптоолоруна жооп берди.

Эрсин Татар, Кипр Республикасынын курулушун (1959-ж.) Энозиске трамплин катары мүнөздөгөн рум-грек дуэтинин 1960-жылкы Кепилдик келишимин өзгөртүү үчүн жана Энозиске коркунуч катары көргөн Түркиянын кепилдигин жоюу үчүн Республиканын алгачкы күндөрүнөн тартып эле ушул багытта аракет кылганын белгиледи.

Рум лидери Анастасиадистин «Рум тарапты эч ким күнөөлөбөсүн, ким күнөөлүү экенин көрүш үчүн тарыхый процесске карайлы» деген сөздү колдонуу менен Кипрдеги фактыларды бурмалоого аракет кылганын белгилеген Татар, тарыхый процессти караганыбызда, Кипр түрк калкы тең укуктуу негиздөөчүлөрү болгон Кипр Республикасынан курал күчү менен четтетилгенин жана кыргындарга дуушар болгонун эске салды.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар төмөнкүлөрдү билдирди:«Мына ушул себептерден улам бүткүл Кипр түрк эли Түркиянын гарантынын жоюлушуна, түрк аскерлеринин Кипрден чыгарылышына жана 1974-жылга чейинки мезгилдин кайтып келишине каршы. Рум-грек дуэти муну ушундай кабыл алып, куру кыялдардын артынан түшүүнү токтотушу керек.

Кипрдин Рум башкаруусунун президенти Анастасиадиске кеңешим, ал биздин диалогго чакыруубузга, Кипрде адилеттүү, ырааттуу жана туруктуу келишимди жана 1974-жылы жетишилген тынчтыкты улантууну камтыган, Кипрдин жана аймактын жыргалчылыгы үчүн эгемендүү тең укуктуу эки өзүнчө мамлекеттин болушуна карата биздин чечүүчү сунушубузга жакындоосу. Ал эми күнөөлүүнү көргүсү келсе, күзгүгө карашы керек».



Тектеш кабарлар