Түркияда Ковид-19га каршы күрөш уланып жатат
Бир күндө 352 миң 335 тест жасалып, 23 миң 347 кишиде вирус аныкталды.
1736442
Түркиянын коронавируска (Covid-19/ Ковид-19) каршы күрөшү уланып жатат. Акыркы 24 саатта каза болгон адамдардын саны 201 деп белгиленди.
Бир күндө 352 миң 335 тест жасалып, 23 миң 347 кишиде вирус аныкталды.
Акыркы 24 саатта айыккан кишилердин саны 29 миң 163 болду.
Түркияда ушул убакка дейре биринчи, экинчи жана үчүнчү доза вакцина алгандардын саны болсо 119 миллион 272 миң 284кө жетти.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.