Ливиянын чыгышында камакта жаткан 7 түрк жараны куткарылды

7 түрк жараны Улуттук чалгындоо уюмунун Катардын чалгындоо уюму менен биргелешкен аракеттери менен куткарылды.

1736621
Ливиянын чыгышында камакта жаткан 7 түрк жараны куткарылды

Ливиянын чыгышында негизсиз айыптоолордон улам 2 жылга жакын убакыттан бери камакта жаткан 7 түрк жараны Улуттук чалгындоо уюмунун Катардын чалгындоо уюму менен биргелешкен аракеттери менен куткарылды.

Көбүнчө ресторан тармагында иштеген Илкер Саглык, Доган Кысса, Нуреттин Чалык, Халил Гөзел, Ахмет Селви, Хидает Япрак жана Абдул Самет Акчай аттуу жарандарды куткаруу үчүн Тышкы иштер министрлиги менен Улуттук чалгындоо уюмунун узак мөөнөттүү аракеттери ийгиликтүү болду.

Катардын чалгындоо уюмунун кошкон салымдарынын натыйжасында түрк жарандары өлкөгө алынып келинди.

Ошол эле учурда президент Режеп Таййип Эрдоган мекенине кайткан жарандар менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жакшы тилектерин айтты.

Мамлекеттин бул процесске жакындан алек болгондугу үчүн жарандар президент Эрдоганга да ыраазычылыктарын билдиришти.

Президент Эрдоган да жарандардын өлкөгө кайтып келишине салым кошкондорго ыраазычылык жана куттуктоосун айтты.



Тектеш кабарлар