Кушадасына круиздик кеме менен 2022-жылы 750 миң турист келет

Айдындын Кушадасы районунда жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынан улам бул жылы бир нече кеме учураган  шаар дүкөнчүлөрү 2022-жылы кеме резервацияларынан улам жаңы сезонго үмүт менен киришүүдө.

1736551
Кушадасына круиздик кеме менен 2022-жылы 750 миң турист келет

Түркиянын маанилүү туризм багыттарынын бири болгон Кушадасына 2022-жылы 650 круиздик кеме менен 750 миң турист келүү үчүн резервация жасады.

Айдындын Кушадасы районунда жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынан улам бул жылы бир нече кеме учураган  шаар дүкөнчүлөрү 2022-жылы кеме резервацияларынан улам жаңы сезонго үмүт менен киришүүдө.

Кушадасы, «сүзүүчү мейманкана» катары да белгилүү, круиздик кемелер эң көп учураган жерлердин бири жана эпидемия учурундагы тыныгуудан кийин октябрь айында биринчи кемени кабыл алды.

Гигант кемелер шаардын экономикасынын кан тамырынын бири.

Күн чыкканда портко токтогон кемелер күн батканда шаардан чыгып кетишет.

Күндүн бир бөлүгүндө Эфес Байыркы шаарын жана Бүбү Мариямдын үйүн зыярат кылган миңдеген турист андан кийин шаардын борборунда соода кылышат.



Тектеш кабарлар