Эрдоган: «Эпидемиянын эң оор мезгилин коопсуз түрдө басып өттүк»

Хак-Ишке караштуу Өз Саламаттык сактоо жана социалдык кызмат кызматкерлери (Өз Саглык-Иш) профсоюзунун кезектеги 3-жалпы чогулушу Анкарада өткөрүлдү.

1736441
Эрдоган: «Эпидемиянын эң оор мезгилин коопсуз түрдө басып өттүк»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «1 миллион 100 миң саламаттыкты сактоо армиябыздын өзгөчө берилип иштөөсүнүн натыйжасында биз эпидемиянын эң оор мезгилин коопсуз түрдө басып өттүк»,-деп айтты.

Хак-Ишке караштуу Өз Саламаттык сактоо жана социалдык кызмат кызматкерлери (Өз Саглык-Иш) профсоюзунун кезектеги 3-жалпы чогулушу Анкарада өткөрүлдү.

Президент Эрдоган жолугушууга жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүп, буларды айтты: «Саламаттыкты сактоо тармагына жана медицина кызматкерлерибизге салган инвестицияларыбыз жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) менен күрөшүүдө көп нерсеге ээ болду. Акыркы кылымдагы эң чоң ден-соолук кризиси катары сыпатталган жана дүйнө жүзү боюнча 5 миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алган эпидемияда Түркия чындап эле суктанаарлык иш жасады жана ийгиликтүү болду».

1 миллион 100 миң саламаттыкты сактоо армиябыздын өзгөчө берилип иштөөсүнүн натыйжасында эпидемиянын эң оор мезгилин Түркия коопсуз түрдө басып өткөнүн баса белгилеген Эрдоган, дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө жүрөк ооруткан көрүнүштөр болуп жатканда, медицина кызматкерлеринин аракети менен эч бир алсыз жаранды кароосуз калтырбаганын айтты.

Дары-дармектен тестке, тез жардамдан башка дарылоо каражаттарына чейин жарандарга бекер кызмат көрсөткөндөрүн белгилеген Эрдоган, эпидемияга каршы күрөштүн желегин көтөргөн бардык саламаттыкты сактоо кызматкерлерине өлкөбүздүн жана элибиздин атынан ыраазычылык билдирип, каза болгон саламаттыкты сактоо кызматкерлерине Аллахтын ырайымын тиледи жана алардын жакындарына жана саламаттыкты сактоо коомчулугуна көңүл айтты.



Тектеш кабарлар