Тунжелиде жикчил террордук уюм ПККга карата «Эрен Кыш-6» операциясы башталды

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

1736060
Тунжелиде жикчил террордук уюм ПККга карата «Эрен Кыш-6» операциясы башталды
siginak yasam malzemesi patlayici.jpg
harekat operasyon.jpg

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта террордук уюм ПККны өлкөнүн күн тартибинен чыгаруу жана аймактагы  террористтерди таасирсиз кылуу максатында Тунжелиде «Эрен кыш - 6 операциясы» башталганы белгиленди. 

Билдирүүдө, өлкөдө террордун толугу менен жок кылынышы үчүн жүргүзүлгөн Эрен кыш операцияларынын жарандардын колдоосу менен «ишенимдүү» жана «чечкиндүү» түрдө ийгиликтүү уланганы баса белгиленди.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу : «Биз болгон жерлерде тынчтык иичнде, элибиздин ишенимдүү түрдө жашоосун улантышы үчүн күнү  -  түнү күрөшкөн, тоолордо, элетте террордун артынан түшкөн коопсуздук күчтөрүбүз, жандармаларыбыз бүгүн эрте менен "Эрен кыш  - 6" операциясын 1060 кызматкер менен баштады. Операция Тунжелиде Мержан тоолору аймагында жүргүзүлөт",- деди. 

Бир тараптан Тунжели губернаторлугунун билдирүүсүнө караганда коопсуздук күчтөрү Эрен-7 Мержан Мунзур операциясынын алкагында Мазгирт жана Хозат айыл аймактарында террористтерге каршы операция жүргүздү.

Аянтта издөө  иштерин жүргүзгөн коопсуздук күчтөрү, террордук уюмдар тарабынан колдонулганы аныкталган 7 баш калкалоочу жайды аныктады. Талкаланган баш калкалоочу жайларда жүргүзүлгөн тинтүү учурунда көп сандаган курал-жарак, ок-дарылар, жарылуучу заттар жана турмуштук материалдар колго түшүрүлдү.

 



Тектеш кабарлар