Мустафа Шентоп Өзбекстандын Али Мажлисинин делегациясы менен жолугушту

Мустафа Шентоп Өзбекстандын түрк жана ислам цивилизациясынын эң сонун чыгармаларына ээ болуу менен бирге саясат, экономика жана коом жагынан күндөн-күнгө өнүгүп, күчтөнүп жаткан өлкө экенин белгиледи.

1736027
Мустафа Шентоп  Өзбекстандын Али Мажлисинин делегациясы менен жолугушту

 

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп Өзбекстандын Али Мажлисинин мыйзам чыгаруу кабинетинин биринчи төрага орун басары жана Өзбекстан - Түркия парламенттер аралык достук группасынын төрагасы Акмал Саидов жана коштоосундагы делегация менен Түркия Улуттук Парламентинин жыйын залында жолугушту.

Өз ара сапарлардын эки тараптуу карым- катнаштардын өнүгүшү үчүн маанилүү экендигин айткан Шентоп : «Бир туугандык укукка негизделген стратегиялык өнөктөштүгүбүздүн парламенттер аралык карым- катнаштардын өнүктүрүлүшү менен колдоого алынышы керектигине ишенем»,- деди.

«Өзбекстандын жана өзбек боордошторубуздун элибиздин көңүлүгүндө өзгөчө орду бар»,- деген Шентоп депутаттардын да тез- тезден жолугушуулар менен буга ылайык чөйрөнүн түзүлүшү үчүн аракет кылышы керектигин баса белгиледи.

Мустафа Шентоп Түркстан географиясынын алдыңкы өлкөсү болгон Өзбекстандын түрк жана ислам цивилизациясынын эң сонун чыгармаларына ээ болуу менен бирге саясат, экономика жана коом жагынан күндөн-күнгө өнүгүп, күчтөнүп жаткан өлкө экенин белгиледи.

Бул абалдын аларды кубандырганын белгилеген Шентоп Өзбекстандын башынан өткөргөн реформа жана трансформация процессин да жакындан байкашкандарын айтты.

Шентоп : «Өзбекстандын Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө болгонуна абдан кубанычтабыз»,- деди.

Өзбекстандын Али Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасынын биринчи орун басары, Өзбекстан -Түркия парламенттер аралык достук тобунун төрагасы Саидов да керек болсо ТҮРКСОЙ  керек болсо Түрк мамлекеттери уюмунда биргеликте иштеше аларын белгиледи.



Тектеш кабарлар