Болгариянын элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылды

Болгариянын Анкарадагы элчиси Ангуэл Христов Чолаков Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

1735950
Болгариянын элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылды

Болгариянын Анкарадагы элчиси Ангуэл Христов Чолаков Тышкы иштер министрлигине чакырылып, Болгариядагы шайлоочуларды түрк бийлиги башкарып, ички иштерине кийлигишкен деген дооматтар четке кагылды.

Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда Болгарияда 14 -ноябрда болгон президенттик жана парламенттик шайлоого Түркиянын кийлигишкендиги жана Болгариянын ички иштерине аралашты деген доомат менен Түркиянын София элчиси Айлин Секизкөктүн Болгариянын Тышкы иштер министрлигине чакырылышы боюнча Тышкы иштер министринин орун басары жана Европа Биримдиги боюнча директору Фарук Каймакчы элчи Чолаковду Тышкы иштер министрлигине чакырды. Чолаковго Түркиянын Болгариядагы шайлоонун алкагында Түркияда добуш берүү тууралуу түрдүү кызматташуу түзүлүп жана керектүү жеңилдиктер берилип, шайлоочулардын Түркиянын расмий мекемелери тарабынан багыттандырылгандыгы жана ички иштерине аралашты деген дооматтардын четке кагылгандыгы билдирилди.

Элчи түрк элчинин Болгариянын Тышкы иштер министрлигине чакырылышы жана негизсиз айыптоолордун болгарь мекемелери тарабынан күн тартибине алып келинишинин туура эместиги, Европа Кеңеши жана Европа Биримдигине мүчө Болгариянын Түркиядагы Болгария жараны шайлоочулардын эң негизги укуктарын пайдалануусуна карата каршылык көрсөтүүсүнүнкабыл алынгыс экендиги баса белгиленди.

Элчиге Түркиянын жана Түркиядагы добуш берүүнүн Болгариянын ички саясатында кыянаттыкка колдонулбашы керектигинин күтүлүп жаткандыгы айтылып, бул жагдайларды камтыган бир нота берилди. Элчиге Түркиянын София элчилигинин алдында каршы орунсуз митингдерге жана мамилелерге карата каршылык дабилдирилди.



Тектеш кабарлар