Ата мекендик программа "intihal.net"

Плагиатты аныктап, кабарлаган ата мекендик программасы “intihal.net” өлкө тышында да тандалууда.

1736148
Ата мекендик  программа  "intihal.net"

Плагиатты аныктап, кабарлаган ата мекендик программа “intihal.net” өлкө тышында да тандалууда.

ATF компаниясынын башкы аткаруучу директору Али Сажихан өз билдирүүсүндө автордук укуктун бузулушу кеңири жайылгандыктан, дүйнөлүк масштабда басылмалардын оригиналдуулугун көзөмөлдөө маанилүү экенин айтты.

Документтердин аныктыгын текшерүү жана плагиат табуу үчүн кээ бир программалардын колдонулганын түшүндүргөн Сажихан: «Түрк компьютер жана программалык инженерлери тарабынан иштелип чыккан Intihal.net программасы атаандаштарын артта калтыра турган өзгөчөлүктөр менен дүйнөлүк аренада»,- деди.

Сачихан документтеги цитаталарды аныктаган жана белгилеген программанын корпоративдик жазылуу менен Европа жана Азиядагы 220 университеттен 150 миңден ашуун колдонуучуга кызмат кылганын түшүндүрдү.

Программанын Америка материгинде да жогорку окуу жайларда да колдонула баштагандыгын белгилеген Сажихан Түркия менен Европада көптөгөн негизги мекемелерден кийин АКШнын алдыңкы университеттеринен Йел жана Лоуренс Технология менен келишим түзүшкөндөрүн айтты.



Тектеш кабарлар