Пентагондун Түркия тууралуу билдирүүсү

Пентагон 16-ноябрда Пентагондо өткөрүлгөн Түркия-АКШ Коргоо министрликтеринин Жогорку деңгээлдеги Коргоо тобунун жыйналышына байланыштуу билдирүү жасады.

1735463
Пентагондун Түркия тууралуу билдирүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлиги (Пентагон), Америка Кошмо Штаттарынын «Түрк куралдуу күчтөрүнүн аскердик модернизациялоо муктаждыктарын тааныганын» билдирди.

Пентагон 16-ноябрда Пентагондо өткөрүлгөн Түркия-АКШ Коргоо министрликтеринин Жогорку деңгээлдеги Коргоо тобунун жыйналышына байланыштуу билдирүү жасады.

Америка делегациясын жетектеген Коргоо министрлигинин катчысынын орун басары Лаура Купердин «ТККнын аскердик модернизациялоо муктаждыктарын тааный турганын» белгилеген билдирүүсүндө, «Делегациялар АКШнын президенти Жо Байден менен Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын жана коргоо министри Ллойд Остин менен улуттук коргоо министри Хулуси Акардын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде көптөгөн функционалдык жана аймактык маселелерди талкуулашты»,делди.

Жолугушууда терроризм жана Ооганстан, Африка, Түштүк Кавказ, Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Жакынкы Чыгыштагы коопсуздук темаларынын сүйлөшүлгөнүнө көңүл бурулганы белгилегген билдирүүдө, Купердин айрыкча Кара деңиздеги кызматташтыкка да басым жасаганы белгиленди.

Билдирүүдө «Эки тарап эки тараптуу коргонуу кызматташтыгы менен узакка созулган коргонуу карым-катнашыбызды алдыга жылдыруу максатыбызды да талкуулашты. Кеңешчи Купер АКШнын НАТОго берген колдоосунун бир бөлүгү катары Түркиянын жаңылануу муктаждыктарын тааныганын дагы бир жолу баса белгиледи»,деген сөзгө орун берилди.

Түркиянын Улуттук коргоо министрлигинин жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө «делегациялардын ортосундагы жолугушуу позитивдүү жана конструктивдүү маанайда өттү» деп белгиленди.



Тектеш кабарлар