Эрдоган Нигердин президенти Базум менен сүйлөштү

Сүйлөшүүдө Түркия-Нигер карым-катнаштары жана аймактык маселелер каралды.

1735756
Эрдоган Нигердин президенти Базум менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Нигердин президенти Мухаммед Базум менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө Түркия-Нигер карым-катнаштары жана аймактык маселелер каралды.

Сүйлөшүүдө Нигер менен болгон карым-катнаштарга чоң маани бергенин билдирген президент Эрдоган, Нигердин Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен күрөшүүдө тыгыз кызматташтыгын уланта турганына ишенгенин айтты.

Нигерде шейшемби күнү болгон куралдуу кол салууда каза тапкандарга байланыштуу көңүл айткан президент Эрдоган, Түркиянын Нигердин террор менен күрөшүү аракетин колдой турганын билдирди.

Президент Эрдоган Нигердин Түркиядан сатып ала турган TB2 куралдуу учкучсуз учуучу аппарат, Хүркуш машыгуу учагы жана броне унаалардын бул өлкөнүн аскердик жана коопсуздук күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн арттыра турганын айтты.



Тектеш кабарлар