Эрдоган: «НАТО өлкөлөрү Патриот системаларын алып кеткенде, Испания мындай ишке барган жок»

Президент Эрдоган расмий сапар менен Түркияга келген Испаниянын президенти Педро Санчес менен кол коюу аземине жана биргелешкен маалымат жыйынына катышты.

1735338
Эрдоган: «НАТО өлкөлөрү Патриот системаларын алып кеткенде, Испания мындай ишке барган жок»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Тилекке каршы көптөгөн НАТО өлкөлөрү Түркиядагы Патриот системаларын алып кетишти,бирок Испания муну жасаган жок. Испаниянын бул мамилеси башка союздаштарыбызга да үлгү болот деп үмүттөнөм»,-деди.

Президент Эрдоган расмий сапар менен Түркияга келген Испаниянын президенти Педро Санчес менен кол коюу аземине жана биргелешкен маалымат жыйынына катышты.

600дөн ашуун испан фирмасынын Түркиядагы инвестициясынан ыраазы болгондорун билдирген Эрдоган: «Испаниянын BBVA банкынын билдирүүлөрү Түркияга болгон ишенимдин эң конкреттүү көрсөткүчү»,-деди.

Түркия менен Испаниянын Европанын чыгыш жана батыш четинде стратегиялык позицияга ээ эки НАТО шериктеши экенин белгилеген Эрдоган: «Испания, Түркияда орнотулган Патриот системалары менен альянстын тилектештигинин кандай болушу керектигин көрсөтүүдө. Тилекке каршы көптөгөн НАТО өлкөлөрү Түркиядагы Патриот системаларын алып кетишти, бирок Испания муну жасаган жок. Испаниянын бул мамилеси башка союздаштарыбызга да үлгү болот деп үмүттөнөм»,-деди.

Испания менен коргонуу өнөр жайы тармагында көптөгөн биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирген Президент: «Биз бул жаатта кызматташуубузду тереңдеткибиз келет. Билесизби, биз Испания менен учак конуучу кемени курдук, азыр биз аны деңизге түшүргөн абалдабыз. Испания менен кыйла чоңун жасагыбыз келет»,-деп айтты.

Европанын жана НАТОнун чек араларын коргогон Түркия менен Испаниянын мыйзамсыз миграцияда олуттуу жүктү милдеттенгенин белгилеген Эрдоган, Испаниянын ушул убакка чейин болгон колдоосун улантуусунун бардык тараптар үчүн пайдалуу болоруна ишенгенин билдирди.

Педро Санчес өз сөзүндө Испания менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштардын укмуштуудай деңгээлге жеткенин айтты.

Санчес: «Биз Түркиянын Европа Биримдигинин (ЕБ) бир бөлүгү болушун каалайбыз. Түркия жөн гана коңшу эмес, ал ЕБ үчүн орток өнөктөш»,-деп айтты.

Ошол эле учурда жолугушуудан кийин Түркия менен Испаниянын ортосунда 6 келишимге кол коюлду.



Тектеш кабарлар