Түркиянын төртүнчү бургулоо кемеси

Узундугу 238 метр, туурасы 42 метр жана салмагы 68 миң гросс тонна болгон кеменин максималдуу бургулоо тереңдиги 12 миң 200 метрге жеткени белгиленди.

1735185
Түркиянын төртүнчү бургулоо кемеси
dördüncü sondaj gemisi.jpg

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Түркиянын «Фатих», «Явуз» жана «Кануни» бургулоочу кемелерден кийин төртүнчү бургулоо кемесин флотуна кошконун маалымдады.

Дөнмез Твиттер баракчасынан бөлүшкөн билдирүүсүндө: «Кара деңиз газын 2023-жылга чейин ишке киргизүү үчүн 24/7 саат тер төгүп жаткан бардык кызматкерлерибизге, өзгөчө кемебизди алууда чоң аракет жасаган президентибизге ыраазычылык билдирем»,- деди.

Бөлүшүлгөн инфографикада узундугу 238 метр, туурасы 42 метр жана салмагы 68 миң гросс тонна болгон кеменин максималдуу бургулоо тереңдиги 12 миң 200 метрге жеткени белгиленди.

7-муундагы алдыңкы технология менен төртүнчү бургулоочу кеменин максималдуу иштөө тереңдиги 3 миң 600 метр, мунара бийиктиги 104 метр жана экипаждын сыйымдуулугу 200 киши экени билдирилди.



Тектеш кабарлар