Акар: «Түрк куралдуу күчтөрүнүн инвентаризациясында химиялык курал жок»

Хулуси Акар, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

1734885
Акар: «Түрк куралдуу күчтөрүнүн инвентаризациясында химиялык курал жок»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар: «Түрк куралдуу күчтөрүнүн инвентаризациясында химиялык курал жок»,-деди.

Хулуси Акар, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Пландоо жана бюджет комитетинде Улуттук коргоо министрлигинин 2022-жылдагы бюджетинин сүйлөшүүлөрүндө эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Химиялык курал боюнча айтылган дооматтарга жооп берген Акар: «Түрк куралдуу күчтөрүнүн инвентаризациясында, Түрк куралдуу күчтөрүнүн курамында эч кандай газ же химиялык курал жок. Андай нерсе болушу мүмкүн эмес. Алынган да, жашырылган да жок. Эксперттер тарабынан каралганда Түркияда жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн курамында мындай нерсенин болбошу абдан ачык жана айкын. Бирок Түркия Республикасынын, Түрк куралдуу күчтөрүнүн жүргүзүп жаткан терроризмге каршы күрөшүн каралоо үчүн ушул сыяктуу дооматтар мезгил-мезгили менен кайталанып келет. Булардын бардыгы негизсиз»,-деди.



Тектеш кабарлар