Балыкесир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды

45 мыйзамсыз мигрант куткарылды.

1734559
Балыкесир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды

Балыкесирдин деңиз жээгинде грек элементтери тарабынан Түркиянын аймактык сууларына сүрүлгөн 45 мыйзамсыз мигрант куткарылды.

Жээк коопсуздук командирлигинин интернет сайтынан берилген маалыматка караганда Айвалык районунун жээгинде резина кайыкта мыйзамсыз иммигранттар тобу бар экени кабарланып, куткаруу топтору аймакка барышты.

Жээк коопсуздук  кайыгы Греция элементтери тарабынан түрк сууларына сүрүлгөн 45 мыйзамсыз мигрантты куткарды.

Билдирүүдө мигрант аткезчилиги менен алектенген шектүүнүн да кармалганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар