Чавушоглу ирандык кесиптеши менен биргеликте маалымат жыйын өткөрдү

Чавушоглу расмий сапар менен борбор шаар Тегеранга барды.

1734149
Чавушоглу ирандык кесиптеши менен биргеликте маалымат жыйын өткөрдү
mevlut cavusoglu.jpg
Cavusoglu-Abdullahiyan.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Иран менен терең тамырлашкан карым-катнаштарын, аймактык жана глобалдык темаларда кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалаганын белгиледи.

Чавушоглу расмий сапар менен барган борбор шаар Тегеранда Ирандын тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахиян менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Хүрмүзган аймагында болгон жер титирөөдө каза тапкандар үчүн көңүл айткан Чавушоглу, Түркиянын чыгымдардын ордун толтуруу үчүн боордош Иранга керектүү колдоону берүүгө даяр экенин айтты.

Сапары убагында Жогорку деңгээлдеги Кызматташтык Кеңешинин 7-жыйынына даярдыктарды карап чыккандарын белгилеген Чавушоглу, ирандык кесиптеши менен терроризм, миграция жана адам аткезчилиги сыяктуу коопсуздук темаларын сүйлөшкөндөрүн жана бул темада тилектештикти арттырууну максаттагандарын билдирди.

Эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көбөйүшүн каалагандарын белгилеген Чавушоглу, Түркиянын Иранга каршы бир тараптуу санкциялардын туура эмес экенин бардык платформаларда билдиргенине көңүл буруп: «Ушул жагдайга байланыштуу биз бардык тараптар Биргелешкен иш-аракеттер планынын кайрадан ишке кириши үчүн керектүү кадамдарды жасашы керек деп ойлойбуз. Иранга каршы бир тараптуу санкциялар да алынып салынышы керек»,-деди.

Эки өлкөнүн аймактарында маанилүү жагдайлар болгонун белгилеген Чавушоглу, аймактык темаларда диалог жана кызматташтыкты улантуунун мурдагыдан да маанилүү экенин айтып: «Биз Иран менен терең тамырлашкан мамилебизди, аймагыбыз менен бирге берки глобалдык маселелерде да кызматташуубузду өнүктүрүүнү каалайбыз»,- деди.

Чавушоглу Бириккен Араб Эмирликтери, Иран жана Түркиянын ортосундагы транзиттик жолго байланыштуу суроого: «Түркия катары аймагыбыздагы сооданы арттыра турган жана өлкөлөр ортосундагы байланышты бекемдей турган ар кандай долбоорлорго катышып жатабыз жана аларды колдойбуз»,-деди. деди.

Ирандын тышкы иштер министри Абдуллахиян да, Түркия менен Ирандын ортосунда узак мөөнөттүү кызматташтык үчүн жол картасын даярдоо темасында макулдашкандарын айтты.

Абдуллахиян көптөгөн аймактык темада Түркия менен бирдей пикирде экендерин, Чавушоглу менен аймактык жана эл аралык темаларда пайдалуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөндөрүн белгиледи.



Тектеш кабарлар