Шентоп Ахыска түрктөрүнүн сүргүнүн эскерди

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп социалдык медиа эсебинде бул маалыматты бөлүштү.

1733720
Шентоп Ахыска түрктөрүнүн сүргүнүн эскерди

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп Ахыска түрктөрүнүн сүргүнүнүн 77 - жылында каза болгондорду эскерди.

Шентоп социалдык медиа эсебинде бөлүштү: «Тарыхта кара так болуп калган Ахыска түрктөрүнүн мекенинен сүргүнгө учурашынын 77 жылдыгында каза болгон бир туугандарыбызды ырайым менен эскерем»,- деди.

Вице-президент Фуат Октай да түрктөрдүн Ахыскадан сүргүнгө учурашынын 77 жылдыгына байланыштуу билдирүүсүн жарыялады.

Октай билдирүүсүндө: «Жүрөктөрдөгү оору 77 жылдан кийин дагы биринчи күндөгүдөй турат. 1944-жылы 14-ноябрда мекенинен ырайымсыз сүргүнгө айдалган Ахыска түрктөрүн унуткан жокпуз жана унутпайбыз»,-деген сөздөргө орун берди.



Тектеш кабарлар