Президент Садыр Жапаров президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушту

Мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

1733726
Президент Садыр Жапаров президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушту
Erdoğan-Caparov 2.jpg
Erdoğan-Caparov 3.jpg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 12-ноябрда, Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) жаңы аталышы менен Түрк Мамлекеттери Уюмуна катышуучу Мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушту.

Мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Режеп Таййип Эрдоган Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, Түркия менен Кыргызстандын стратегиялык кызматташтык боюнча жогорку кеңешинин үстүбүздөгү жылдын июнь айында өткөн жыйыны эки тараптуу мамилелерди чыңдоого кошумча дем бергенин белгиледи.

Ал үстүбүздөгү жылдын 8 айында эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 2020-жылдын көрсөткүчүнө жакындап калганын баса белгиледи.

Режеп Таййип Эрдоган өз ара сооданын көлөмүн 1 миллиард АКШ долларына жеткирүүгө үмүт артарын билдирди.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде түрк тарапка меймандостугу жана саммитти жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал быйылкы жылы эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногонуна 30 жыл толуп жатканын эске салып, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууну бекемдөөгө ишеним билдирди.

Садыр Жапаров буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга, анын ичинде Кыргыз-Түрк инвестициялык фондун түзүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Анын пикиринде, мындай фонд эки өлкөнүн инвестициялык жана каржылык мамилелерин кеңейтүүгө эки тараптын кызыкчылыгына негизделип, кыргыз жана түрк ишкерлеринин мамлекеттик жана жеке өзүн өзү каржылаган долбоорлорун ишке ашырууга салым кошууда. Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери бардык актуалдуу багыттарда биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара даяр экендиктерин билдиришти.

Булак; КРнын Президентинин сайты

 



Тектеш кабарлар